КММАда нейрохирургдар жана неврологдордун жыйыны болуп өттү
Илим 7 19 Июль 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 19 июлунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфологиялык корпусунда Сибирдик нейрохирургдар ассоциясынын катышуусунда, Кыргыз республикасынын неврологдорунун жана нейрохирургдарынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын иш тартибинде нейрохирургия жаатында улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору М.М.Мамытов, Сибирь Федералдык округунун нейрохирургу,  медицина илимдеринин доктору, профессор Д.А.Рзаев жана КММАнын проректору, профессор К.Б.Ырысов жана башкалар докладдарды окушту. Айта кетсек, бул жыйын Кыргыз республикасынын саламаттык сактоо министрлиги, И.К.Ахунбаева атындагы КММА, Кыргыз жана Сибирь нейрохирургдар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.