Борбор Азиядагы колоректалдык хирургия боюнча эл аралык конгресстин ачылышы
Илим 2 19 Август 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 19-августунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын имаратында Борбордук Азиядагы колоректалдык хирургия боюнча Эл аралык конгресстин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Когресстин ишин КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова ачып, ал эми проф. Амжад Парваиз (Португалия), профессор Айхан Кузу (Түркия), доктор Айман Хафиз (Катар), проф.Хамид Замани (Иран) жана Медициналык борбордун хирургия бөлүмүнүн башчысы Бакыт Токтогазиев саламдашуу сөзүн жолдошту.

Иш-чарага 7 өлкөдөн: Португалия, Түркия, Катар, Россия, Иран Өзбекстан жана Кыргызстандан катышуучулар катышты.

Конгресстин алкагында Европа илимдер академиясынын роботтук колоректалдык хирургиясынын директору, профессор Амжад Парвайз эки лапароскопиялык операцияны: сол жак гемиколэктомия жана көтөн чучуктун абдоминаналдык резекциясын жасоо менен онлайн мастер-класстарды өткөрдү. Операция КММАнын медициналык борборунан түз эфирде жасалды.

Белгилей кетсек, конгресс 20-21 августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт.