КММАда эхинококкоз боюнча Бүткүл дүйнөлүк конгресс биринчи жолу өтүп жатат
Илим 0 28 Август 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 28-августунда И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясында дүйнөнүн орус тилдүү бөлүгүндө эхинококкоз боюнча Бүткүл дүйнөлүк конгресстин ачылышы болду. Конгрессти И.К.Ахунбаев атындагы КММА, Эл аралык жогорку медицина мектеби, Цюрих университети жана А.Дүйшеева атындагы Кыргыз ветеринария илим изилдөө институту, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Конгресс дарыгерлерге, ветеринарларга, биологдорго, паразитологдорго, фармакологдорго, инфекционисттерге, хирургдарга, эпидемиологдорго, практиктерге, лабораториялык адистерге, экономисттерге жана эхинококкозго тиешеси бар жана/же кызыккандардын баарына арналган. Иш-чарага катышуу үчүн 120 га жакын өлкөдөн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн коноктор келишти.

Конгресстин ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, куттуктоо сөзү менен төмөндөгүлөр сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Эхинококкоздун Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын президенти Назми Алтынташ, медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Рахат Оморов.

 

Белгилей кетсек, конгресс 2023-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин илимий сессиялар, симпозиумдар, пленардык жыйындар, оозеки баяндамалар жана плакаттык баяндамалар түрүндө өткөрүлөт.

Конгресстин расмий тили англис тили, бирок орус тилине синхрондук котормо болот.

Бул зооноздук мите курттар менен күрөшүүгө катышканыңыз жана берилгендигиңиз үчүн бардыгыңызга рахмат.