Бегимай Эрмакова спорттук самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду ээледи
Спорт 0 30 Апрель 2023

2023-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине чейин Манас Эл аралык университетинин спорт комплексинде жаштар арасында спорттук самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Бул Чемпионатта И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №2 Дарылоо иши факультетинин студенти Бегимай Эрмакова өз салмак категориясында биринчи орунду жеңип алды.