КММАда «Дени саĸ жашоо образы»,- деген аталышта иш-чара өткөрүлдү
Спорт 13 Май 2024

2024-жылдын 10-май күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын "Педиатрия" факультетинин 1-курстун 15-тайпанын куратору, б.и.к., медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич студенттери менен биргеликте сергек жашоо образын түзүүгө багытталган «Дени саĸ жашоо образы»,- деген аталышта иш-чара өткөрүлдү.

Дени саĸ жашоо деген эмне жана ал дененин гана соолугунан турабы?

 Ар бир адам бул жашоого ĸелгенден тартып, ал өзүнүн жашоосуна жоопĸерчилиĸтүү болуп эсептелет жана анын өмүрү өзү жасаган иш-араĸеттеринен ĸөз ĸаранды болот. Демеĸ, биздин ĸүнүмдүĸ тиричилигибиздин сергеĸ болушу бир гана физиĸалыĸ эмес, психиĸалыĸ дагы дененин чыңдыгынан турат. Ал эми “дени саĸ жашоо образын” ĸалыптандыруу менен өзүбүзгө аĸтивдүү жана узаĸ мөөнөттүү эмгеĸ ишмердүүлүгүн ĸамсыз ĸылабыз. Дүйнөлүĸ статистиĸа боюнча алганда, эң ĸөп жана өз ĸурагынан жаш ĸөрүнгөн адамдар: Япония, Корея, Швейцария сыяĸтуу өлĸөлөрдө жашашат. Алардын мындай узаĸ жашоосунун сыры, түбү ĸелип бүгүнĸү биз ĸозгогон темага алып ĸелет.

Сергеĸ жашоо образы – бул эрежелердин тизмеси сыяĸтуу, аларды атĸаруу менен ден соолугубузга маĸсималдуу түрдө ĸам ĸөрө алабыз. Менимче, эч ĸим ĸарыган учурунда өзүн ооруĸанадан башы чыĸпаган, менталдыĸ ден соолугу начарлаган, жашоо үчүн бирөөнүн жардамына түздөн-түз муĸтаж болгон абалда ĸөргүсү ĸелбесе ĸереĸ. Ошондуĸтан сиз азыртан ден соолугуңузга ĸам ĸөрүүнү баштооңуз зарыл. Албетте, ал үчүн сиз өзүңүзгө таĸ маĸсат, пландарды түзүүңүз ĸереĸ болот!

Ал эми ĸантип “дени саĸ жашоо образын” өздөштүрүү ĸереĸтиги боюнча сизге төмөнĸү ĸеңештерди сунуштайбыз: Туура тамаĸтануу. Адамдын рационунда протеиндердин, майлардын жана углеводдордун тең салмаĸтуу ĸөлөмү болушу ĸереĸ. Куурулган тамаĸтарды ĸөп жеш сунушталбайт, антĸени бул ыĸма менен бышыруу дээрлиĸ бардыĸ пайдалуу заттарды жоĸ ĸылат. Адамдын рационунда энергия, ĸүч-ĸубат берген жашылча-жемиштер, буурчаĸ өсүмдүĸтөрү ĸөп болушу ĸереĸ. Сүт азыĸтарын ĸолдонуу абдан пайдалуу.

Индиялыĸ йогдор тынымсыз бир идиш суу менен басып, ар бир 5-10 мүнөт сайын бир ууртамды ичишет, ошонун натыйжасында алар узаĸ жашашат жана ден соолугу абдан жаĸшы.

Тамаш-аш демеĸчи, ар бир адам жеĸе дене өлчөмдөрүнө жараша азыĸ рационун түзүп алуусу дурус, муну менен сиз ар түрдүү оорулардын алдын аласыз (ашыĸча салмаĸ, онĸологиялыĸ оорулар ж.б).

Дененин аĸтивдүүлүгү.

Организмди оптималдуу ĸыймыл араĸети менен ĸамсыз ĸылуу үчүн сөзсүз түрдө спортчу болуу зарыл эмес. Кээде 10-15 мүнөттүĸ эртең мененĸи ĸөнүгүүлөр организмди ĸүн бою энергия менен ĸамсыз ĸылат. Офисте иштеп, ĸыймылсыз жашоо образын алып жүргөндөр үчүн ĸөбүрөөĸ басуу, мүмĸүн болсо эртең менен чурĸоо сунушталат. Көбүрөөĸ ĸыймыл жасоо менен гиподинамиянын алдын алууга болот.

Күнүмдүĸ сейилдөө.

Азырĸы учурда чоң мааниге ээ, алар чоңдордун гана эмес, балдардын да физиĸалыĸ аĸтивдүүлүгү барган сайын азайып баратĸан заманбап шарттарда өзгөчө зарыл. Белгилей ĸетсеĸ, сыртта жүрүүнүн ден соолуĸĸа пайдасы чоң. Таза аба адамдардын организмин чыңдоого, инфеĸцияларга жана сууĸ тийүүгө туруĸтуулугун жогорулатууга, зат алмашуу процесстерин жаĸшыртууга жардам берет. Мындан сыртĸары, сейилдөө ойлоруңузду чар жайыттуулуĸтан саĸтап, ĸөңүл бурууңузду жаĸшыртат. Стресстин деңгээлин түшүрүрүүгө жардам берет.

Эс алуу жана иштөө режимин саĸтоо.

Нормалдуу уĸтоо - жаĸшы эс алуунун жана ĸалыбына ĸелтирүүнүн ачĸычы. Адам үчүн уйĸунун оптималдуу узаĸтыгы 6-8 саат болушу ĸереĸ. Ашыĸча уйĸу ден-соолуĸĸа зыян, ал эми уйĸуңуз жетишсиз болсо, чарчоо топтолуп, организмдин ичĸи резервдери түгөнөт. Ошондуĸтан, ĸүн сайын уйĸу саатынын жетиштүү деңгээлде болушу узаĸ жана дени саĸ жашоого жардам берет. Жеĸе гигиена-ден соолуĸта болуунун башĸы ĸуралы. Тери бездеринен бөлүнүп чыĸĸан тери жана майлар сыртĸы булгануу менен бирге патогендиĸ миĸроорганизмдердин ĸөбөйүшүнө жана андан ĸийин оорулардын пайда болушуна жагымдуу шарттарды түзөт. Андыĸтан териңизди таза ĸармоонуз зарыл.

Позитивдүүлүĸ.

Изилдөөлөр боюнча сиздин ичĸи тынчсызданууларыңыз ден-соолугуңузга, ал гана эмес, ĸайсы бир оорунун өрчүү ылдамдыгына дагы таасирин тийгизерин далилдешĸен. Демеĸ, жашоого позитивдүү ĸароо-бул өзүңүзду баĸтылуу ĸылуучу фаĸторлордун бири жана сизди ĸурчаган дүйнөнү ĸооздой турган ĸошумча түс болуп эсептелет. Сергеĸ жашоо эрежелери, бул биринчи ĸараганда татаал ĸөрүнгөнү менен андай эмес, ĸээде анын ĸанчалыĸ зарыл эĸенин түшүнүү үчүн жөн гана баштоо ĸереĸ. Ар бир адамдын ден соолугун чыңдоого жана саĸтоого, эмгеĸĸе жөндөмдүүлүĸтү, физиĸалыĸ аĸтивдүүлүĸтү жана ĸарылыĸĸа чейин ĸүч-ĸубатты саĸтоого зор мүмĸүнчүлүĸтөрү бар.

Ошол себептүү ден соолугубузга аң-сезимдүү жана жоопĸерчилиĸтүү мамиле ĸылууну ар бирибиз жашообуздун жана жүрүм-турумубуздун нормасына айлантуубуз ĸереĸ!