Спорт
7 Апрель 2025
2025-жылдын 5–6-апрелинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасынын алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер болуп өттү. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери жогорку деңгээлде катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү!


Жеңүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз:
•Жузупбеков Айдар – 4-курс, 3-топ, “Дарылоо иши” факультети,
1-орун, 70 кг салмак категориясы
•Асилбеков Кутбидин – 4-курс, 39-топ, “Стоматология” факультети,
3-орун, 74 кг салмак категориясы
•Исаев Медетбек – 4-курс, 50-топ, “Дарылоо иши” факультети,
3-орун, 79 кг салмак категориясы

Сиздердин жетишкендиктер – бул эмгекчилдиктин, туруктуулуктун жана спортко болгон сүйүүнүн жыйынтыгы!
Келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз — спортто да, кесиптик жолдо да!
КММА сиздер менен сыймыктанат!
