КММАда окутуучулар арасындагы Спартакиаданын ачылышы болуп өттү
Спорт 6 29 Январь 2020

17 январь 2020-жылы КММАнын спорттук залында окутуучулар арасындагы Спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара дене тарбия жана спорт аркылуу жашоонун сергек мүнөзүн кабыл алуу, жумушчулардын ден соолугун бекемдөө, иштөө жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу максатында Медакадемиянын ректораты жан профсоюздук комитети тарабынан уюштурулду. Спорттук оюндарды ачуу аземинде Мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Кенешбек Ырысов жана профсоюздук комитеттин төрагасы Дильшат Иманходжаев катышып, командаларга ийгилик каалашты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, студенттер тарбиялык жана массалык иштер бөлүмү тарабынан даярдалган чакан концертин тартуулады, ал эми белек камдоодо көрсөткөн жардамы үчүн КММАнын Медициналык борборун баса белгилеп кетпесек болбос. Мелдеш спорттун 4 түрү боюнча (хоккей, баскетбол, теннис, шахмат) 2020 жылдын 28-январынан 20-апрелине чейин өткөрүлмөкчү.