Спорт: ден-соолуктун булагы
Спорт 0 2 Октябрь 2023

Медициналык академиянын педиатрия факультетинин 1-курсунун 15-тайпасынын студенттери өздөрүнүн куратору, КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич менен биргеликте 2023-жылдын 30-сентябрь күнүн активдүү өткөрүүнү чечишти.

Бул тайпанын студенттери көптөн бери волейбол менен баскетболду чогуу ойногусу келишкен, ошол себептен алар эки командага бөлүнүп, беттешүүнү башташты. Топтор ары-бери учуп, ар бир упай үчүн күрөшүп, спорттук чеберчиликтерин, талыкпастыгын көрсөтүштү. Командалардын чеберчилик деңгээли ар башка болсо да, айрым оюнчулар спортко жаңыдан киришсе да, бардыгы мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө аракет кылып, бири-бирин колдоп турушту.

Беттештер эмоционалдуу жана кызыктуу өттү. Жылмаюу жана күлкү ар бир соккуну, ар бир ийгиликти коштоп турду. Бул оюнда алар жарышып эле тим болбостон, достук жана командалык атмосфераны түзүп, чогуу көңүл ачышты. Курсанбек Мамасалиевич волейбол жана баскетбол ойноп, студенттердин башын бириктирген жана ынтымакка чакырган эң сонун окуя болду.

Спорт адамдарды бириктирет, алардын байланыштарын бекемдейт жана инсандар аралык мамилелерди өрчүтөт. Ал эми бул оюн студенттер үчүн бири-бирин дагы жакшыраак таанып, жалпы кызыкчылыктарды жана максаттарды табууга эң сонун мүмкүнчүлүк болду.

Студенттерге мындай позитивдүү жана эмоционалдуу абалды түзүп, өзү да кошо студенттер менен ойноп, алардын арасындагы мамилени бекемдөө үчүн өткөрүлгөн иш-чараны уюштурган Курсанбек Мамасалиевичке чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз!