КММАнын студенти теннис боюнча КР чемпионатында 3-орунду ээледи
Спорт 0 6 Октябрь 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти Жылдыз Райканова Кыргызстандын теннис боюнча чемпионатында жуптар боюнча 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейин Бишкек шаарында теннис боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандын бардык облустарынан 13 жаштан жогорку категориядагы 60тан ашык катышуучу катышкан.