1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөшүү күнү
Университеттин жашоосу 0 1 Декабрь 2023

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөшүү күнү. Ааламдын ар бурчунан адамдар бул күнү АИВ менен жашаган кишилерге колдоо көрсөтүүгө биригишет. Бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөөшүү күнү 1988-жылы биринчиден эл-аралык күн болуп калды. Ар жылда ЖИКСке каршы күрөшүү күнүнө карата маанилүү теманы көтөрүп, аны ар бир мамлекет девиз катары колдонулат. 2023-жылы бүткүл дүйнөлүк девиз “Коомчулуктарга лидерлик” болуп кабыл алынды.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акдемиясында “Коомчулуктарга лидерлик” дүйнөлүк девиз алкагында “Чогу АИВ илдетин эпидемиясын токтотобуз” аттуу жумалык иш чарасында жугуштуу оорулар кафедрасы тарабынан диспут-дебат өткөрүлдү.

Негизги өнөктөштөр жана коноктор болуп коомдук фонд “АИВ менен жашаган аялдар мамлекеттик коомчулугу” директору Исраилова Бактыгуль, Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигин иштер министрилигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Табалдиева Чолпон Сааданбековна, Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит В, С жана АИВ инфекциясын Республикалык көзөмөлдөө борборунун өкүлү Шералиева Бүбүсара Анаркуловна, Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит В, С жана АИВ инфекциясын шаардык көзөмөлдөө борборунун директору Карагулова Аида Шайлообековна болду. Жалпысынан 8 тайпа диспут-дебатка педиатрия факультетинин 5-курсунун 1,2,3 тайпалы, Даарылоо иши факультетинин тайпалары, Стоматология факультетинин студенттери, НОМУС жана студенттер сенатынын активисттери, жугуштуу оорулар кафедрасынын 2, 3-жыл ординаторлору катышып өнөктөштөр тарабынан сыйланышты. Биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга жана активтүү катышуучуларга, уюштуруу топко белектер берилип, жаолпы катышуучуларга ыраазычылык каттар арналды. Талкууга айланган актуалдуу темалар: АИВ инфекциясы менен жашаган адамдарга карата болгон колоо жана басмырлоо темасында жалпы команда өкүлдөрү Кыргыз Республикасында бул абал курч жана ар бир АИВ менен жашаган адам кодолоо жана басмырлоо таасиринде турат деген ойдо болушту. Кооптуу учурга чейинки АИВ инфекциясын алдын алуу чаралары керекби деген маселеде жалпы команда бир ооздон бул чара маанилүү жана керектигин белгилешти. АИВ менен жашаган аялдардан төрөлгөн балдар эмчек сүтү менен багуу мүмкүнбү деген маселе өзгөчө талкуу жаратып ар кандай ой пикирлер бериди.

Наркотикал заттарды бир жолу эле колдонуусунда көз карандуулук пайда болобу? Наркотикалык заттардан көз карандуулугунан айрылуу мүмкүнбу деп аталган темасы студенттер жана ординаторлордун арсында каттуу талкууга алынып, бул проблема көптөгөн корголбогон жыныстык канташка жана АИВ оорусун жуктуруп алуу коркунучу өзгөчө жаштар арасында жогору экени белгиленди.

Иш чарадан алынган сүрөттөр: