Академик Иса Коноевич Ахунбаевдин 114 жылдыгы
Университеттин жашоосу 1 26 Сентябрь 2022

2022-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандын Медициналык академиясында көрүнүктүү хирург, академик Иса Коноевич Ахунбаевдин 114 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Окуу жайдын проректорлору жана КММАнын отличниктери университеттин башкы корпусунун маңдайындагы анын эстелигине гүл коюшту.

Көрүнүктүү илимпоз жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмердин жаркын элесине арналган салтанатта Медициналык академиянын ректораты жана жамааты, академиктин кызы Нелли Ахунбаева жана башкалар сөз сүйлөштү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө келечектеги дарыгерлер тарабынан даярдалган концерт да болду.