Академик Иса Коноевич Ахунбаевдин 115 жылдыгы
Университеттин жашоосу 0 25 Сентябрь 2023

2022-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандын Медициналык академиясында көрүнүктүү хирург, академик Иса Коноевич Ахунбаевдин 115 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Окуу жайдын проректорлору жана КММАнын отличниктери университеттин башкы корпусунун маңдайындагы анын эстелигине гүл коюшту.

Көрүнүктүү илимпоз жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмердин жаркын элесине арналган салтанатта Медициналык академиянын ректораты жана жамааты, академиктин кызы Нелли Ахунбаева жана башкалар сөз сүйлөштү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө келечектеги дарыгерлер тарабынан даярдалган концерт да болду.

Белгилей кетсек, «Академик, хирург Иса Ахунбаев каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражасы менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Коноевичке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражасы (өлгөндөн кийин) ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти кол койду.