Аалам алпы Айтматов
Университеттин жашоосу 0 27 Декабрь 2023

2023-жылдын 26- декабрда И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын тарабынан уюштурулган  Кыргыз Республикасынын залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына  карата даярдалган «Аалам алпы – Айтматов» аттуу иш-чара өттү.

Иш чарага №1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун 12-тайпанын  студенттери Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынан үзүндүсүнѳн  көркөм окуп беришти.

Ал эми 1- курсунун 3-тайпасынын студенттери Мухъамадова Айгул жана Алшмазбек кызы Нургул Ч.Айтматовдун чыгармасынан монолог тартуулашты.

1-тайпасынын студенттери «Биринчи мугалим» чыгармасынан жана  6-тайпанын студенттери «Кызыл алма» чыгармасынан театрлашкан чакан спектакл коюшту.

Ошондой эле студенттер арасында “Чыңгыз Айтматовдун каармандары реалдуу жашоодо” аттуу көркөм сүрөт кѳргѳзмѳ таймашынын жыйынтыгы жарыяланды.

Студенттерге КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын башчысы б.и.д., доц. Махмудова Жылдыз Акматовна, КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы  Бейшеналиева Наргиза Эрнисовна, кыргыз тил кафедрасынын башчысы жана дарылоо факультетинин улук куратору Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна, кафедранын доценттери Дюшеева Бегимжан Муканбетовна жана Аскалиева Нургуль Ракыйевна Чыңгыз Айтматов жөнүндө кызыктуу маек куруп беришти.