Ак калпак күнүнө карата куратордук саат
Университеттин жашоосу 0 6 Март 2024

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү” белгиленет.

Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Госпиталдык терапия кафедрасынын жана гематология курсунун окутуучулары Мусакеев А.О., Тагаева Б.Т., Атабаева Д.Н., Байдолотова Н.А. англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин студенттери менен көзөмөлдүк сабак өтүштү. Сабактын жүрүшүндө ак калпактын тарыхына жана анын маанисине көңүл бурулду.