Тоого экскурсия
Университеттин жашоосу 15 Май 2024

Жаратылыш чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо максатында 2024-жылдын 9-майында "Дарылоо иши" факультетинин 2-курсунун 28-тайпасынын студенттери профессор И.Е. Кононец, башкы окутуучу Ч.К. Уралиева, улуу куратор А.М. Адаева менен биргиликте тоого кызыктуу экскурсияга барышты. Студенттер ал жактан курчап турган пейзаждын кооздугуна, тоолордун кереметтүүлүгүнө жана жаратылышыбыздын сулуулугуна суктанышты. Табигый гипоксиялык терапиянын шарттарында активдүү эс алуу сессиянын алдында күчтү калыбына келтирип, нервдик чыңалуу жана чарчоо менен оңой күрөшүүгө жардам берет. Тоонун таза абасы организдин энергиясын көтөрүп, эндорфиндердин деңгээлин жогорулатат. Студенттер Бишкекке кетээрдин астында эс алган жерди кылдаттык менен тазалап чыгышты.