"Айтматовду окуйбуз" аттуу иш-чара
Университеттин жашоосу 0 27 Декабрь 2023

2023- жылдын 15-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы, студенттик сенат жана К.Баялинов атындагы китепкана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Айтматовду окуйбуз" аттуу иш-чара өткөрүштү.

Студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты, көркөм окушту. Ошондой эле медакадемиянын студенттеринин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Китепкананын жетекчилиги Ч.Айтматов тууралуу видео тасма көрсөтүп, чыгармачылыгы тууралуу кеңири айтып беришти.

  

Иш-чаранын соңунда көркөм айтуу, сүрөт көргөзмөсүнө катышкан студенттер калыстар тобунун чечими менен алдыңкы орунга ээ болгон жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты