«Билимдүүгө дүйнө жарык»
Университеттин жашоосу 0 19 Октябрь 2023

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына И.К Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич 2023-жылдын 19-октябрь күнү КММАнын дарылоо факультетинин 1-курсунун 18 тайпасынын студенттери менен барып кеңири маалымат алып кайтышты.

Бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепканага барып илим-билимдин алуунун жолдорун, тарыхын, китептин түрлөрүн көрүп, китеп-билимдин булагы экендигине күбө болуп кайтышты.

«Билимдүүгө дүйнө жарык»-демекчи илим, билим алуунун жолдорун көрүп, «Миң уккандан бир көргөн жакшы дегендей»-музейдин кол жазмаларын, сыймыктарын көрүп кайтышты. Бул да болсо жаңы келген студенттерибиз үчүн, билимге болгон жолун асты десек болот.

«Билимдүүнун түнү-күн, билимсиздин күнү-түн»-демекчи келечекте билим алуу үчүн китеп менен дос болуу жана китепканага баруу керектигин багытын, жолдорун көрүп Улуттук китепканага болгон экскурсиябыз кызыктуу болуп, кеңири маалымат алып келдик.