Ч. Айтматовду эскерүү кечеси
Университеттин жашоосу 0 25 Декабрь 2023

Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиямынын философия жана коомдук илимдер кафедрасында «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы адам маселелери» деген темада Ч. Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.

Анда медициналык алдын алуу иштери факультетинин 1-курсунун студенттери активдүү катышышып, Ч. Айтматовго жана анын чыгармаларына карата жазылган ЭССЕлер окулуп, монолог, ыр түрмөктөрү, викториналык суроолор, автордук чыгармалар менен коштолду.