МММСУнун жана КММАнын бет-жаак хирургдары биргелешип эриндердин жана катуу таңдайдын жырыгы менен ооруган бейтаптарга операция жасашты
Университеттин жашоосу 0 22 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен А.И.Евдокииимов атындагы Москва мамлекеттик медицина жана стоматология университетинин ортосундагы кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдоо боюнча жөнүндө меморандумга ылайык 2023-жылдын 19-майынан 26-майына чейин КММАнын медициналык борборунда Москва мамлекеттик медициналык-стоматология университетинин бет-жаак хирургиясы кафедрасынын жаак-бет хирургдары КММАнын хирургиялык стоматология жана имплантология кафедрасы менен биргеликте "жырык эрин" жана "жарык таңдай" патологиясы бар бейтаптарга операциялар жасашып, оорулууларды кабыл алуу менен бирге кеңеш беришти.

Хирургиялык кийлигишүүнү МММСУнун кафедра башчысы, профессор, медицина илимдеринин доктору, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген доктору О.Топольницкий жана балдардын жаак-бет хирургиясы кафедрасынын доценти, жаак-бет хирургиясынын доктору М. Першин жетектеген дарыгерлер тобу жүргүздү.