Чет тилдер жана латын тили кафедрасынын Кара-Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгына карата иш-чарасы
Университеттин жашоосу 28 Ноябрь 2024

2024-жылдын 22-ноябрында чет тилдер жана латын тили кафедрасынын улук окутуучусу Дюшекеева А.К. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрдү.

 

 

Англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 1-курсунун кураторлук 2-группасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде болушту. Студенттер кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын эң баалуу эстеликтери менен таанышып, "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө -100 жыл" аталышындагы көргөзмөсүнөн кызыктуу маалымат алышты.