“Дары ѳсүмдүктѳрүн кыргызча атайбыз “ окуу практикалык конференциясы
Университеттин жашоосу 9 Декабрь 2024

КММАнын фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын окутуучулары менен  “Фармация” факультетинин студенттери 2024-жылдын 5-декабрында Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 35 жыл жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык маарекесине арналган иш чараны ѳткѳрдү.

КР билим жана илим министерствосу тарабынан 2024-жылдын 10-сентябрынан 2024-жылдын 10-декабрына чейин мамлекеттик тил күнүнө карата 3 айлык жарыялаган. Бул  эң маанилүү эки юбилейге байланыштуу – мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 35 жыл жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык маарекесине арналган иш чараларды КММАнын фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясыныны кафедрасынын окутуучулары жана 4-курсунун студенттери “Дары ѳсүмдүктѳрүн кыргызча атайбыз “ деген темада окуу практикалык конференциясын ѳткѳрүштү.

Кафедранын башчысы, фарм.и.к., доцент А.Д.Мураталиева  кыргыз тилинин баалуулугун, кыргыз элинин кылым карыткан тарыхына токтолуп, конференцияны ачып берди.

4-Курсунун студенттери фармакогнозия сабагынан Кыргызстандын Кызыл китебинен орун алган  дары ѳсүмдүктѳрүнүн аталышын, ѳзгѳчѳлүктѳрүн, химиялык курамын, колдонулушун кыргыз тилинде мазмундуу түрдѳ айтып беришип, дары  ѳсүмдүктѳрүнүн  түстүү сүрѳттѳрү кѳрсѳтүлүп, алардын фармациядагы орду жана келип чыккан уламыштар менен толукталып,  бардык катышуучуларга ѳтѳ кызыктуу маалымат бере алышты. Аягында “Кѳчмѳндѳр” күүсү, “Кызыл ѳрүк” ыры аткарылып, улуттук бийлер менен коштолду.

 

Конференцияда кафедранын окуу бѳлүм башчысы А.Р. Наматбаева жыйынтыктоо сѳзүн айтып, катышуучуларга сертификат тапшырды. Конференцияны кафедранын  окутуучулары  Абдырасулова Ф.Б, Жалалова Н.К. Муратбекова З.М. Арапбаева Г.М., Токторбек кызы Дария уюштурушту.