Дарылоо факультетинин 27 жана 30-топторунун студенттери Академиялык клиника №1дин аймагын жашылдандыруу иштерине активдүү катышып, айлана-чөйрөнү жакшыртуу багытында дагы бир маанилүү кадам жасашты. Отоларингология кафедрасынын кураторлору Кулиева Э.С. жана Солодченко Н.В. жетектеген жаш ыктыярчылар борбордук гүлзарга гүлдөрдү отургузуп, кургак жалбырактарды жыйнап, клиниканын тегерегиндеги аймакты тартипке келтиришти.
Бул демилге «Менин жашыл ЖОЖум» аттуу экологиялык акциянын алкагында уюштурулуп, медициналык мекемелердин сырткы келбетин жакшыртууга жана жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Мындай иш-чаралар окуу жайлардын жана медициналык мекемелердин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу менен гана чектелбестен, студенттердин жамааттык ынтымагын да чыңдайт. Жаштардын активдүүлүгү кичинекей аракеттер дагы чоң өзгөрүүлөргө жеткирерин көрсөтүп турат.
Эми жаркыраган гүлзар клиниканын пациенттерин жана кызматкерлерин кубантып, табиятка жана шаарыбызга кам көрүү маанилүүлүгүн эскертип турат. Дарылоо факультетинин студенттери өзүнүн Alma materге болгон сүйүүсүн жакшы иштер менен далилдеп, айлана-чөйрөгө позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүдө үлгү болушту.