КММАнын «Дарылоо иши» факультетинин деканаты студенттер менен биргеликте «Светлый путь» балдар үйүнө барышты
Университеттин жашоосу 1 6 Апрель 2023

2023-жылдын 8-апрелинде факультеттин деканы Зиябидин Айдаров жетектеген студенттер Чүй районунун Кой-Таш айылындагы «Светлый путь» балдар үйүнө барышты.

Балдар үйүндө 20 бала жашайт, студенттер балдардын ар бирине көңүл буруп, балдарга аз да болсо бакыт тартуулоосуна тоскоол болгон жок. Таанышуу оюн түрүндө өтүп, анда балдар боёо боюнча мастер-класс көрсөтүштү.

Студенттердин өздөрү үчүн да, деканат кызматкерлери үчүн да бул жолугушуу жүрөктөрүндө ушунча эле маанилүү ой калтырды.

Активдүү катышкандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.