КММАда Ак калпак күнү белгиленди
Университеттин жашоосу 0 5 Март 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-мартында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын башкы корпустун фойесинде дерматовенерология кафедрасы тарабынан «Ак калпак» күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында маалымат көргөзмөсү уюштурулуп, көргөзмөнүн катышуучулары элдин негизги баш кийимин тигүүнүн байыркы тарыхы жана өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле, кыргыз улутунунун майрамдык дасторкону жайылып, элдик аспаптык музыкасы менен коштолду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги жана жамааты катышты.

Белгилей кетсек, бул майрамдын максаты – кыргыз элинин элдик каада-салтын сүйүүгө жана урматтоого тарбиялоо, ошондой эле “Ак калпак” улуттук баш кийиминин маанисин сактоо жана барктоо болуп саналат.