КММАда Ак калпак күнү белгиленди
Университеттин жашоосу 5 Март 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 5-мартында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында Ак калпак күнү белгиленди. Алгач, окуу жайдын киреберишине улуттук баш кийимдин ар кыл түрлөрүнүн сүрөттөрүнөн турган чакан көргөзмө уюштурулду.
 
Андан соң Медакдемиянын фтизиатрия, жогорку медайымдык билим берүү жана фармация факультеттери биргеликте уюштурган чакан концерт болуп өттү. Иш-чаранын алкагында комузчулардын күүлѳрү аткарылып, кыргыздын салттуу кийимдеринин этно-модасы тартууланды.
 
 
Аземди ачуу менен жалпы жааматты жана студенттерди окуу иштери боюнча проректор Кенешбек Ырысов бүгүнкү Ак калпак майрамы менен куттуктап өттү.