5-мартта 35-топ ДИ2, 5-курсунун студенттери жугуштуу оорулар кафедрасы менен биргеликте, Жумагүл Абдрахмановна Анарбаеванын жетекчилиги астында Ак калпак күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты ак калпактын улуттук маданияттагы маанилүүлүгүн, анын тарыхын жана салттарын баса белгилөө, ошондой эле Кыргызстандын маданий мурасына болгон сый-урматты күчөтүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ак калпактын маанисин, анын символикасын жана кыргыз элинин жашоосундагы ордун талкуулашты. Улуттук баш кийимдин тарыхы жана мааниси боюнча баяндамалар жасалып, ошондой эле ак калпак тууралуу кызыктуу фактылар бөлүшүлгөн презентация уюштурулду.Иш-чара жылуу жана таанып-билүүчү атмосферада өтүп, катышуучуларга кыргыз маданияты тууралуу тереңирээк маалымат алууга жана салттарды сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.