КММАнын лицейинин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылды
Университеттин жашоосу 2 25 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын алдындагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Салтанаттуу иш-чара проректорлор Г.Жунушалиева, Т.Жуманалиев, лицейдин директору А.Шамшиев, англис тилинде окуткан дарлоо иши факультетинин деканы Т.Ташанов жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин катышуусунда өттү. Окуу жайдын жетекчилиги кечээки мектеп окуучуларына бир нече каалоо-тилектерин айтып, андан соң майрамдык концерт тартууланды.

Белгилей кетсек, КММАнын лицейи быйылкы окуу жылында он сегизинчи жолу бүтүрүүчүлөрүн узатууда, аны 212 окуучу бүтүрүүдө, анын ичинен: 17 отличник, 88 орто баадагы окуучу, 3 окуучу өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» аттестаттарына ээ болушту. Иш-чара университеттин жаңы конференц-залында өттү жана бул символикалуу. Анткени, лицейди бүтүргөндөрдүн көбү бир канча убакыттан кийин Медициналык академиянын 1-курсунун студенттери болуп калышат.