«Эч ким, эч качан унутулбайт» - 22-июнь, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн
Университеттин жашоосу 6 22 Июнь 2021

«1941-ж. 22-июнь – бул бардыгыбыз үчүн унутулгус дата. Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнь таң эрте менен Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок, немецтер таң атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30 да чабуулга өтүшкөн. Ошентип экинчи дүйнөлүк согуш башталган.

Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 360 миңден ашуун жоокер да Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 71и Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон, 29 жоокер Даңк орденинин, алардын ичинен 8 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган. Кыргызстандык жоокерлер дагы  мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Дайыр Асанов, И.В. Панфилов өңдүү баатырлар менен бирге согушка катышкан ар бир кыргызстандык душманга каршы татыктуу күрөшүп Ата Мекен учүн баатырларча курман болушкан.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гүлсүн Жунушалиева бул кун тууралуу: «Бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан жаш муун өлкөнүн тарыхын сактап калуусу жана өзгөчө жоокерлердин, ардагерлердин эрдигин унутпасы учун окуу жайларда жаштарга көбурөөк тарбия иштерин жургузсөк  улуу муундун эрдиги унутулбай муундан - муунга өтөөрунө ишенем» деп белгилей кетти.