Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара
Университеттин жашоосу 0 26 Февраль 2024

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары 2-Дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенттери менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү.

Иш-чара төмөнкү максатта өткөрүлдү:

  • Студенттерге Эне тил күнүнүн белгиленип калышынын тарыхы жөнүндө маалыматтарды берүү;
  • Студенттердин атуулдук сезимдерин ойготуу, эне тилин сүйүүгө, сактоого, умтулууга чакыруу;
  • Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили.

Ар бир тил уникалдуу, ал элдин менталитетин, каада-салтын чагылдырат. 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын 21-февралда белгиленип келгени боюнча студенттерге маалымат берилди.

Бул күн 1952-жылдын 21-февралында Даккада (азыркы Бангладештин борбору) болгон окуяларды эскерүү үчүн тандалып алынган, анда студенттер өз эне тили бенгал тилин коргоо үчүн демонстрацияга чыгышкан, алар бул күндү алардын бири катары таанууну талап кылышкан өлкөнүн расмий тилдери полициянын огунан каза болгон.