Эне сыйлаган-элге жагат" аттуу майрамдык кечээ
Университеттин жашоосу 13 Май 2024

Базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын бөлүм башчысы жана кураторлору, педиатрия факультетинин 3-курсунун жана дарылоо иши факультетинин 2-курсунун 1- тайпасынын студенттери менен биргеликте энелер күнүнө карата арналган " Эне сыйлаган-элге жагат" аттуу майрамдык кечээ уюштурушту. Бул кечээде эненин үй - бүлөдөгү, коомдогу орду кандай маанилүү экендиги айтылды.

Дарылоо иши факультетинин 2-курсунун 1- тайпасынын студенттери: Надырбекова Б., "Жетим кыздын арманы " аттуу монологун, Акылбек у. К. жана Момунбекова Н. - эне жөнүндө ырларды аткарып беришти. Педиатрия факультетинин 3-курсунун 8 - тайпасынын студенттери эне жөнүндө кызыктуу макалдарды викторина түрүндө, ошондой эле окутуучулардан жана студенттерден " Эне бул сизге ким" деген видеоролик тартуулашты. Энелер күнүнө арналган кечээ студенттерге жакшы таасир калтырып, көңүлдүү аяктады.