1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара
Университеттин жашоосу 3 Июнь 2024

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана балдар укугу жөнүндө Конвенцияга ылайык, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын укугун коргоо, колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 14-майындагы № 748/1 буйругун ишке ашыруу максатында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Медициналык алдын алуу иши факультети Бишкектин Дубовый паркында саламаттыкты сактоо жана чыңдоо боюнча алдын алуу иш-чарасын алып барды. Иш-чараны факультеттин деканы Анарбек Эрбаев баштаган окутуучулук курам жана 2-3 курстун студенттери уюштурушту. Анын жүрүшүндө уюштуруучулар келген кичине балдар жана чон кишилердин кан басымын, көзүнүн көрүүсүн текшерип, салмагын, боюн ченеп жана дагы башка медициналык кызматтарды көрсөтүштү. Майрамдык иш-чарага билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева жана эмгек министри Г.Баатырова катышты.