Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасында мамлекеттик тил күнүнүнө карата  майрамдык иш чара ѳткѳзүлдү
Университеттин жашоосу 23 Сентябрь 2024

Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасында  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳнүнүн 100 жылдыгына карата  майрамдык иш чара ѳткѳзүлдү

 

 

2024-жылдын 23-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы  КММАнын Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясынын кафедрасында      Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳнүнүн 100 жылдыгына карата   “Фармация” факультетинин 2-курсунун студенттеринин жана кафедранын окутуучуларынын катышуусунда мазмундуу иш чара  болуп ѳттү.

Алгач кафедранын доценти  х.и.к. Арапбаева Гульзифа Мойдуновна “Кыргыз элинин белгилүү инсандары “ деген темада кеңири доклад окуп, студенттердин аң сезимин байытып,  Кыргызстандын калыптанып, ѳсүп ѳнүгүшүнѳ чоң салым кошкон аталарыбыздын ѳмүр баянын, эмгегин, билимин, алардын ишин, таалимин, максатын,кѳксѳѳсүн, тилибиздин баалуулугун белгилеп баяндап берди.

 

Иш чаранын эң кѳрүнүктүү жери студенттердин кыргыз элинин тарыхын, басып ѳткѳн жолун чагылдырган театрлаштырылган кѳрсѳтүүсү болду.

Иш чараны жыйынтыктоодо кафедранын башчысы ф.и.к., доцент Мураталиева Анарбу Джапаровна, кафедранын окуу бѳлүм башчысы Наматпаева Айгүл Рыспековна студенттерге ыраазычылык сѳздѳрү менен кайрылып,  элибиздин келечеги билимдүү жаштардын колунда экендигин дагы бир жолу белгилеп кетишти.

Майрамдык кечени уюштуруу иштерин кафедранын кыргыз тилин ѳнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучулары Абдырасулова Фарида Болотбековна, Арапбаева Гульзифа Мойдуновна, Токторбек кызы Дария даярдашты.