Бишкекте «Элдердин достугу» фестивалы болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 28 Март 2024
 

Бул иш-чара Кыргызстан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин башын бириктирип, биздин уникалдуу маданий салттарыбызды даңазалап, элдердин ортосундагы достукту чыңдады.



27-март күнү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында орун алган бул фестивальга жуздөгөн көрүүчүлөр катышты.



Фестивалда коноктор кызыктуу музыкалык номерлерди, Кыргызстандын, Индиянын жана Пакистандын улуттук ашканаларынын түрдүү даамдарынан ооз тийшип, ошондой эле кызыктуу улуттук оюндарга жана спектаклдерге катышты.



Бул сыяктуу эл аралык фестивалдар биздин көз карашыбызды кеңейтүүгө, жалпы тил табышууга жана кызматташууга жана позитивдүү өзгөрүүлөргө шыктанууга жардам берет.

Ар түрдүүлүктөгү биримдик биздин чыныгы күчүбүз экенин эскерткен майрам болду! 



Иш-чара “Ынтымак жолу” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар ассоциациясы жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Эл аралык миграция уюмдун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосунда уюштурулду.