“ТИЛ - ЭЛДИН УЛУУ БАЙЛЫГЫ” ФЕСТИВАЛЫ
Университеттин жашоосу 20 Февраль 2025

Бүгүн, 20-февралда И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын  конференц-холлунда эл аралык эне тил күнүнө арналган “Тил – элдин  улуу байлыгы” аттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чара кыргыз, орус тили, ошондой эле чет жана латын тилдери кафедрасынын кызматкерлери  жана  студенттер  тарабынан  даярдалды.

Иш-чаранын ачылышында илимий жана дарылоо иштери боюнча проректор Ниязбек Маматов куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал азыркы учурда эне тилинин маанилүүлү экендигин жана  тил аркылуу ар бир улуттун тарыхы жана маданияты үйрөнүлүп жатканын белгиледи. Балдар түркүн түстүү номерлер менен концерт коюп, ошону менен коомчулукту кызытып, күн бою маанайын көтөрүштү. Жана эне тилинин маданияты, өнүгүшү жана байлыгы жөнүндө кызыктуу маалыматтарды беришти жана дүйнөнүн башка тилдери жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алышты. Ошондой эле дүйнөнүн ар кандай элдеринин бийлерин аткарышты. Аягында тарбия бөлүмүнүн кызматкери М. Талантбеков сахнанын көркүн ачты.