Университеттин жашоосу
5 Декабрь 2025
Бүгүн, 5-декабрда, 402-МАБы тарабынан гендердик зомбулукка каршы эл аралык 16 күндүк акциянын алкагында «Зомбулукка — жок: Коркпогон келечекти түзөбүз» жана «Гендердик зомбулук жана коррупция: өз ара байланыш жана кесепеттер» темаларында маалыматтык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө И. Ахунбаев атындагы КММАнын студенттерине зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу, киберкоопсуздукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөш жана укуктук маданиятты калыптандыруу боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:

— Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Ч. А. Кулдашова,
— Октябрь райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү,
— ИИББнын кызматкерлери,
— Бишкек шаарынын мэриясына караштуу зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүү борборунун психологу Г. Ж. Исабекова,
— 402-МАБнын ак сакалдар соту.

Катышуучуларга учурдагы мыйзамдар боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, жарандардын укуктарын коргоо механизмдери, жардамга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле киберкоопсуздук жана коррупциянын алдын алуу боюнча коркунучтар жана профилактикалык чаралар тууралуу маалыматтар сунушталды.

Иш-чара жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, санариптик коопсуз жүрүм-турум маданиятын бекемдөөгө, гендердик зомбулуктун жана коррупциянын бардык түрлөрүнө карата нөлдүк чыдамдуулукту калыптандырууга багытталды.
Соорганизаторы: И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
