Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсу Нооруз майрамын белгилешти
Университеттин жашоосу 0 21 Март 2024

2009 - жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленет. Жаңырган жылда жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт, жаңы кийимдер кийилет. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсунун окутуучулары Нооруз майрамын «Дарылоо иши» факультетинин студенттери менен кафедрада белгилешти.