И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын тил жана тарбия иштери боюнча проректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Бакирбаевич Ырысов
Университеттин жашоосу 3 22 Сентябрь 2020

Урматтуу мекендештер!  

«Элдин өмүрү – анын тилинде»  деп

Ч. Айтматов айткандай, чынында эле тил - биздин улуттук баалуулугубуз. Мына ушул баалуулугубузду сактап, өнүктүрүп жана колдоо көрсөтүп келе жаткандардын баардыгын «23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынган күнү  менен

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын атынан куттуктайм.  

Кыргыз тилим мени дүйнөдөгү эң мыкты илимпоздор менен тааныштырды. Мамлекеттик тилибиздин келечеги өссүн, өнүксүн. Кыргыз тили ар дайыма жылуу сөздөр менен баалансын, баркталсын.