Педиатрия оюндары - 2022
Университеттин жашоосу 1 21 Октябрь 2022

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жыйындар залында факультеттер аралык «Педиатрлардын оюндары-2022» олимпиадасы болуп өттү. Белгилей кетсек, олимпиада эки этап менен өттү. Биринчи этап - тестирлөө, экинчиси - илимий салгылашуулар жана клиникалык көндүмдөрдү баалоо.

Олимпиадага отузга жакын адам катышты.

Олимпиаданын жеңүүчүсү "ВИТАМИНКИ" командасы болду.

Вице-чемпион "KINDER" командасы

Ардактуу үчүнчү орунду “Ден соолук лигасы” командасы ээледи.

Олимпиаданын жыйынтыгында университетибиздин атынан «Педиатрлардын VII Эл аралык оюндары» эл аралык олимпиадасына катыша турган КММА курама командасы түзүлдү.

Эл аралык олимпиада 2022-жылдын 16-ноябрында саат 10:00 КММАнын жыйындар залында өтөт.