И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча жолугушуу болду
Университеттин жашоосу 3 11 Май 2022

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-жылдын 11-ноябрындагы №91 буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобу 2022-жылдын 9-мартынан 18-мартына чейин жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана аларга практикалык жардам көрсөтүү максатында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы иш кагаздардын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Жолугушууга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, бөлүм башчы А. Ишеналиева жана К. Жакыбалиев, С.Толукбаева, А. Сабыралиева, ал эми окуу жайдан ректор И. Кудайбергенова, окуу иштери боюнча ректордун орун басары К. Ырысов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча ректордун орун басары Г. Жунушалиева, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы С. Наралиева жана декандар, кафедра башчылар катышты.

Жыйында кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ыраазычылк каты менен окуу жайдын кызматкерлери сыйланды.

Жыйында иш кагаздарын жүгүртүүдөгү айрым мүчүлүштүктөр менен катар жетишкендиктер белгиленип, сунуштар да айтылды. Ректор И. Кудайбергенова кемчиликтер жоюлуп, иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүүнү колго аларын айтты.