И.К.Ахунбаев атындагы КММАда «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ОКУТКАН МЫКТЫ ОКУТУУЧУ-2025» сынагы жыйынтыкталды
Университеттин жашоосу 4 Март 2025

3-март Мамлекеттик туу күнүнө карата И. К. Ахунбаев атындагы КММАда мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарада медициналык академияда мамлекеттик тилди окутуунун тили катары колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, өркүндөтүү максатында 2024-жылдын октябрь айында башталган “Мамлекеттик тилде мыкты окуткан мыкты окутуучу – 2025 ” сынагы жыйынтыкталды.

 

Аталган жыйынтыктоочу иш-чарага И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, м.и.д., профессор И. О. Кудайбергенова,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ф.и.к., доцент Г. И. Жунушалиева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери З.Т. Кадырова,мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор М. С. Исмаилбеков, кафедра башчылары, окутуучулар, студенттер катышышты.
Сынактын жобосу боюнча сынак 3 баскычтан туруп, 63 кафедранын ичинен 9 кафедрадан 11 окутуучу катышты. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик тилде жазылган жумушчу программа, окуу-усулдук комплекстерин даярдашып, мамлекеттик тилде сабак өтүп, бай тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 3-баскычта ар бир катышуучу “Медицинада мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүнүн жолдору” деген темада баяндама жасашты.
Мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулган сынакты ректор И. О. Кудайбергенова чын дилден колдоп,баалуу сыйлыктарды коюп берди.Сынактын жыйынтыгында I орунду фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын окутуучусу Абдырасулова Фарида Болотбековна ээлеп, ноутбук, ал эми II орунга физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасынын доценти Абдыбалиева Канышай көрсөтүлүп, планшет, ошондой эле жалпы гигиена кафедрасынын окутуучусу Жангазиева Элиза Сыргатовна III орунду ээлеп, уюлдук телефон менен сыйланышты.
Мындан тышкары бардык катышуучуларга И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, м.и.д., профессор И.О.Кудайбергенованын баалуу сыйлыктары, грамоталар, ыраазычылык кат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Алкыштары ыйгарылды.