И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын атынан барган “Илегер” тобу баш байгени багындырышты
Университеттин жашоосу 1 1 Декабрь 2021

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана КТРК биргеликте уюштурушкан жогорку окуу жай, колледж, кесиптик лицей арасындагы “Манас таануу” теле таймашы жыйынтыкталып, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын атынан барган “Илегер” тобу баш байгени багындырышты.

Таймашка жалпы 20 окуу жайдан келген топтор күч сынашкан. Топтун мүчөлөрү: Кенжетаев Шернияз - педиатрия факультети  2-курс 5-тайпа, Сейиткамилова Дамира - дарылоо иши факультети 2-курс 29-тайпа,   Акылбекова Аяна - дарылоо иши факультети 2-курс 24-тайпа. Топтун жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Акылбекова Алтынай Акылбековна.