И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицина кафедрасы Кыргыз тил күнүнө карата кыргыз тилиндеги мыкты дилбаянга сынак жарыялады. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду 1-курстун студенти Алиман Жекшенбаева ээледи. Жеңүүчүнүн дилбаянын сунуштайбыз.
Университеттин жашоосу 2 6 Октябрь 2022

Кыргызстанда үй бүлөлүк дарыгерлердин келечеги

Медицинада ар бир багыт кымбат, маанилүү, бирок арасында бейтап менен тыгыз байланышты түзгөн, чоң ролго ээ байыркы багыттардын бири үй бүлөлүк мецина болуп саналат. Бул нерсени мыкты дарыгердин бири дагы тана албаса керек. Башкача айтканда, башка ийри багыттардан өзгөчөлүгү бар. “Эгерде дарыгер кесиби бул күнүмдүк эрдик болсо, үй бүлөлүк дарыгер - ашкан кайрат”,-деп айта алам.

Үй-бүлөлүк медицинанын эң негизги баалуулугу- комплекстүү түрдө кароо, ар тараптуу медицина өрөөндөрүн бириктирип бүтүндөй бир ден-соолук мамлекетчесин куруу. Кичинекей ымыркайдын ден-соолугунан тарта улуу муундун ден-соолугуна чейин көнүл бурганы буга далил. Тилекке каршы, акыркы убакта Кыргызстанда заманбап медицинабыз ирилешип кеткендиктен жалпы дарыгер (үй-бүлөлүк дарыгер) деген түшүнүктүн чыныгы маңызы жоголо баштаган. А бирок ага карабастан мамлекетибизде үй-бүлөлүк медицина акыркы беш-он жылдыкта келечекке кадамын тепкичтен тепкичке таштап келе жатат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк үй бүлөлүк дарыгерлер уюмдарынан, Республикабыздын Саламаттык сактоо министрлигинен үй бүлөлүк медицинага көңүл бурула баштаган. Көптөгөн жеке программалар ующтурулууда. Мисалы, “Дени сак адам- өнүккөн өлкө“ 2019-2030 жж. программасынын багыты- алгач медициналык-санитардык жардамды жаңылантуу менен үй бүлөлүк медицина аркылуу бүткүл калк үчүн тең укуктуу жеткиликтүүлүк принцибинде саламаттыкты сактоонун натыйжаларын жакшыртуу.

Аны менен бирге жан дүйнөсү менен кызыккан жаш адистерибиз дагы аз эмес. Оз билимин жакшыртуу максатында ар тараптуу республикалык жана эл аралык конференцияларга катушып келүүдө. Үй бүлөлүк медицина адистигинин чыныгы маңызы менен таанышып, перспективдүү багыт экенин жаш дарыгерлерибиз дагы түшүнүүдө. Чыныгы үй бүлөлүк дарыгер өзүнө профессионалдуулуктун, жоопкерчиликтин, чечкиндүүлүтүн, камкордуктун,

чыдамкайлыктын жана жөнөкөйлүктүн ээси болуп, бейтаптын акчасын да, убакытын да үнөмдөшү зарыл экенин дагы үйрөнүүдө. Төмөнкү нерселер мамлекетибиздин ар бир алыскы жана жакынкы регионорунда өз кесибин мыкты билген, ар бир бейтап менен тыгыз байланышты түзө алган жаш үй бүлөлүк дарыгерлерди тарбиялоодо чоң өбөлгө түзүп берүүдө. Мына бул дагы башка ийри багыттардан үй бүлөлүк медицинанын деңгээлин көтөрүүдө камкордуктун бир белгиси.

Келечекке карата кошумча ой-пикир катары айта турган нерсе: бир гана медициналык тармагын ойлобостон элибизге дагы тааныштыруу максатында семинарлар өтүлүп, лекциялар окутулса, ар бир жараныбыз үй бүлөлүк медицинанын чыныгы функциясын түшүнүп алса, бул тармакка карата кабыл алынган ар бир мыйзам ишке ашып, албетте, үй-бүлөлүк медицинабыз дагы да өсүп-өнүгөт. Алыскы региондорубузда дагы бейтаптар оорунун башталып келе жаткан баскычтарында эле ден-соолугуна өзү жашаган аймагынан камкөрө баштайт. Ал үчүн болгону гана ар бир жаш дарыгер, ар бир жараан четте калбоосу абзел.

Демек, Кыргызстанда үй бүлөлүк медицинанын жана бул тармактагы дарылерлердин келечеги кең деп ишенем жана кайрылуу жасайм:

“Оорунун алгач баскычында,

Бейтапты сактап калалы!

“Үй бүлөлүк дарыгердин”

Маанисин тактап алалы!

Заманыбызга жараштырып

Багытты даңтап алалы!

Келечекте ден-оолуктуу

Өлкөнү курап салалы!”