Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасыны куратордук саат ѳткѳрдү
Университеттин жашоосу 0 6 Март 2023

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасы 2023-жылдын 3-мартында «Кыргыз мамлекеттик туу күнүнѳ» жана «Кыргыз элинин каада салтынын, үрп--адатынын күнүнѳ» карата арналган куратордук саат ѳткѳрдү.

Куратордук саатка кафедранын жалпы жамааты жана 2-курстун студенттери катышты. Бул иш чаранын коногу болуп, педагогикалык илимдердин доктору, профессор, Россия Федерациясынын педагогикалык жана социалдык академиясынын академиги Уметов Таалайбек Эгембердиевич катышты.

Куратордук саатта кыргыз элинин тарыхы, туусу жана улуттук оюндары жѳнүндѳ маалымат берилди. Студентер улуттук оюндарга кызыгуу менен катышып, иш чара абдан кѳӊүлдүү ѳттү.