Нур менен дарт аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасы КММАнын клиникалык ординаторлору жана студенттери менен биргеликте балдар үйүнө барышты.
Университеттин жашоосу 0 7 Июнь 2022

2022-жылдын 5-июнунда Нур менен дарт аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын башчысы Алия Кадырова жетектеген кызматкерлери окуу жайдын клиникалык ординаторлору жана Дарылоо иши факультетинин 2-5-курсунун студенттери менен биргеликте"Светлый путь" балдар үйүндө кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Айта кетсек, 20-июндабалдар үйүнө жаны тургундардын келиши күтүлүүдө. Жаныдан келүүчуү балдарга бөлмөлөрдү даярдашып, аймакты көрктөндүрүштү, санитардык-агартуу иштерин жүргүзүу менен бирге кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты жана жетектеген топтору тарабынан балдар үйүнүн фондуна 12 миң сом беришти.

Кафедра башчысы көптөн бери кайрымдуулук иштери менен алектенип, ар кыл багыттагы балдар үйлөрүнө жардам берип, жана кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча лекция окуп, адамзаттын өнүгүшүнө салым кошуу канчалык маанилүү экенин өзүнүн мисалы менен көрсөттү.

   

Белгилей кетсек, ушул күнү эки бөбөктун туулган күнүнө туура келгендиктен, туулган көн ээлеринин урматына майрамдык дасторкон жайылып, түшкү тамак даярдалды.