КММАнын көз оорулары кафедрасы No68 орто мектептин мугалимдерин жана окуучуларын профилактикалык кароодон өткөрдү
Университеттин жашоосу 0 25 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын көз оорулары кафедрасы окуу бөлүмүнүн башчысы А.Тултемиров, ассистенти К.Момункулов жана ординаторлор А.Алибиева, А.Таалайбекова, С.Эркинбекова баштаган топ 2023-жылдын 14-майынан 17-майына чейин борбор калаадагы №68 Алыкул Осмонов атындагы гимназия мектебинин мугалимдерин жана мектеп окуучуларын профилактикалык кароодон өткөрүштү.

Жыйынтыгында жалпы мугалимдер жамааты жана 6,7,8-класстын окуучулары текшерилип, алардын ичинен 6-8-класстын окуучулары арасында миопиянын 58 учуру аныкталды. Балдарга «Миопия, дарылоо, алдын алуу чаралары» деген темада чакан лекция окулду.

Жалпысынан окуу жайдын окутуучулар жамааты жана окуучулар текшерүүгө канааттанышып, КММАнын көз оорулары кафедрасына ыраазычылыктарын билдиришти.