КММАнын онкология кафедрасы бейтаптарды бекер текшерүүдөн өткөрдү
Университеттин жашоосу 1 11 Май 2022

2022-жылдын 4-майында И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын Республикалык диагностикалык борборунда окуу жайдын ректору, профессор, онколог И.Кудайбергенова жана онкология кафедрасынын башчысы У.Саяков баштаган онкология кафедрасынын кызматкерлери тарабынан бейтаптарды бекер текшерүүдөн өткөрүү акциясы болуп өттү.

Акциянын алкагында • уролог, • маммолог, • гинеколог, • проктолог, • дерматолог,• эндокринолог, • гастроэнтеролог, • гематолог адситеринен консультациялар алып, текшерүүдөн өтүүгө мүмкүн болду.