КММАга Германиядан дарыгер, КММИнин бүтүрүүчүсү келди
Университеттин жашоосу 0 27 Апрель 2022

КММИнын педитария факультетинин 1984-жылкы бүтүрүүчүсү Чынара Мамбетова аралык бөлүмдүн кызматкерлеринин коштоосунда университеттин тарых музейине барды. Аны окуу жайдагы өзгөрүүлөр, ошондой эле бардык университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн фотоальбомдорунун коллекциясын жана сүрөттөрдүн электрондук шкафын чогултуу идеясы абдан таң калтырды. Чынара Мамбетова меймандар китебине каалоосун жана кол тамгасын калтырды.

Белгилей кетсек, Ч.Мамбетова DAAD гранттык изилдөө программаларынын стипендиаты болгон. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окуган.

Окуу жайды аяктагандан кийин Медициналык илимдер академиясынын Педиатрия илим-изилдөө институтунун педиатрия боюнча клиникалык ординатурасына тапшырган (Москва), андан кийин Педиатрия илим-изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүрүп(Москва ш.), КММИнин педиатрия кафедрасында иштеген жана Кыргыз гематология илимий борборунда иштеп кеткен. 2002-жылдан азыркы күнгө чейин Германияда дарыгер болуп иштейт.