Индиядан келген студенттердин ата-энелери КММАга барышты
Университеттин жашоосу 3 29 Май 2023

27-майда Эл аралык жогорку медицина мектебинин (IHSM) Ачык эшик күндөрүнүн алкагында Индиядан азыркы жана болочок студенттердин 165 ата-энеси И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына келишти. Индиядан келген коноктор Таш-Дебе айылынын аймагында жайгашкан студенттик кампусу, пластинация музейи менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты жана окуу жайдын имаратын да көрүштү.


Андан соң, Медициналык академиянын чоң жыйындар залында университеттин ректору Индира Кудайбергенова жана эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева конокторду жылуу тосуп алышты.


«Чет элдик студенттердин ата-энелери үчүн ачык эшиктер күнү» иш-чарасы окуу жайдын индиялык студенттер жана Кыргызстанда медициналык билим алууга чоң кызыгуу көрсөткөн ата-энелер менен байланышын мындан ары да бекемдейт деп ишенебиз.