КММАда профессор Т.Абдылдаевдин 90-жылдыгына арналган конференция болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 2 Ноябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 2-ноябрында, И.К.Ахунбаев атындагы КММА Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту менен биргеликте КР УИАнын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, профессор Табылдыд Абдылдаеванын 90 жылдыгына арналган «Азыркы замандын жаңы чакырыктары» аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференция өткөрдү.

Иш-чара мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиеванын кириш сөзү менен башталды. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик О.Тогусаков сөз сүйлөп, Табылды Аблыдаевичтин басып өткөн жолун, илимий ишмердүүлүгүн чогулгандарга айтып берди. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын филология илимдеринин доктору К.Карабукаев, филология илимдеринин доктору К.Ажыбекова, философия илимдеринин доктору У.Асанова жана башка коноктор, профессор А.Алтмышбаев тууралуу эскерүүлөрүн айтышты.

Конференциянын алкагында өлкөбүздүн ар бир окуу жайларынан студенттер, профессорлор, доценттер докладдарды окушту.

Катышкан студенттерге сертификаттар жана акчалай стипендиялар тапшырылды. Коноктор окуу жайдын Мемориалдык кабинетинде жана тарых музейинде болушту.