КММАда Эне тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 20 Февраль 2023

Бүгүн 20-февраль КММАнын жыйындар залында Эл аралык эне тил күнүнө арналган фестиваль болуп өттү.

Иш-чараны Медициналык академиянын студенттери менен бирге кыргыз тили, чет жана латын тилдери кафедрасынын кызматкерлери даярдашты.

Студенттер түркүн түстүү номерлерди аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн жылытып, маанайын көтөрүштү.

Куттуктоо сөзүн мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан сүйлөдү. Проректор биздин доордо эне тилин билүүнүн маанилүүлүгүн, анткени ар бир улуттун тарыхы, маданияты тилдин аркасында белгилүү экенин айтып өттү.